# 20-берене. Криминалдык идеологияны пропагандалоого бөгөт коюу

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 125 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5575/edition/34614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029357/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө, 20-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-20

---

1. Кыргыз Республикасында криминалдык идеологияны пропагандалоого, ошондой эле криминалдык идеологияны пропагандалоо максатын көздөгөн коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө тыюу салынат.

2. Криминалдык идеологияны пропагандалоого төмөнкүлөр кирет:

1) криминалдык субмаданиятты колдоого жана илгерилетүүгө, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды түзүүгө ачык чакырыктар;

2) бийлик өкүлдөрүнө карата жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козгоого ачык чакырыктар;

3) адамдын өзүнүн статусун же криминалдык иерархиядагы ролун ачык жарыялоосу (айтуусу);

4) кылмыштуу жүрүм-турумду ачык актоо.

Ачык чакыруу (жарыялоо, актоо) катары жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармагын пайдалануу менен, ошондой эле тынч чогулуштарды (чогулуштарды) өткөрүү менен ачык билдирүүлөр түшүнүлөт.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары, электр байланыш операторлору, мамлекеттик органдар, билим берүү жана маданият мекемелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык криминалдык идеологиянын жайылышына жол бербөөгө жана уюшкан кылмыштуулуктун алдын алууга көмөк көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-21)
