20-берене. Криминалдык идеологияны пропагандалоого бөгөт коюу
Күчүндө · 23.06.2025 редакциясы
1. Кыргыз Республикасында криминалдык идеологияны пропагандалоого, ошондой эле криминалдык идеологияны пропагандалоо максатын көздөгөн коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө тыюу салынат.
2. Криминалдык идеологияны пропагандалоого төмөнкүлөр кирет:
1) криминалдык субмаданиятты колдоого жана илгерилетүүгө, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды түзүүгө ачык чакырыктар;
2) бийлик өкүлдөрүнө карата жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козгоого ачык чакырыктар;
3) адамдын өзүнүн статусун же криминалдык иерархиядагы ролун ачык жарыялоосу (айтуусу);
4) кылмыштуу жүрүм-турумду ачык актоо.
Ачык чакыруу (жарыялоо, актоо) катары жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармагын пайдалануу менен, ошондой эле тынч чогулуштарды (чогулуштарды) өткөрүү менен ачык билдирүүлөр түшүнүлөт.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттары, электр байланыш операторлору, мамлекеттик органдар, билим берүү жана маданият мекемелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык криминалдык идеологиянын жайылышына жол бербөөгө жана уюшкан кылмыштуулуктун алдын алууга көмөк көрсөтөт.
Берененин тексти 23.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029357/st-20" title="20-берене - Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>