# 2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 125 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5575/edition/34614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029357/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө, 2-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-2

---

1. Ушул Мыйзамдын максаты болуп уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктоо жана анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу саналат.

2. Ушул Мыйзамдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү;

2) уюшкан кылмыштуулуктан жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун коргоо;

3) уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу;

4) уюшкан кылмыштуулукка өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды четтетүү;

5) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүгө багытталган мамлекеттик чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу;

6) уюшкан топтордун жана кылмыштуу коомдоштуктардын каржылык булактарын аныктоо жана бөгөт коюу;

7) уюшкан топтор же кылмыштуу коомдоштуктар тарабынан жасалган кылмыштарды, ошондой эле уюшкан кылмыштуулуктун башка кылмыштуу көрүнүштөрүн аныктоо, бөгөт коюу жана ачуу;

8) улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтык.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-3)
