2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
Күчүндө · 23.06.2025 редакциясы
1. Ушул Мыйзамдын максаты болуп уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктоо жана анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу саналат.
2. Ушул Мыйзамдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү;
2) уюшкан кылмыштуулуктан жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун коргоо;
3) уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу;
4) уюшкан кылмыштуулукка өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды четтетүү;
5) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүгө багытталган мамлекеттик чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу;
6) уюшкан топтордун жана кылмыштуу коомдоштуктардын каржылык булактарын аныктоо жана бөгөт коюу;
7) уюшкан топтор же кылмыштуу коомдоштуктар тарабынан жасалган кылмыштарды, ошондой эле уюшкан кылмыштуулуктун башка кылмыштуу көрүнүштөрүн аныктоо, бөгөт коюу жана ачуу;
8) улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтык.
Берененин тексти 23.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029357/st-2" title="2-берене - Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>