# 17-берене. Мүлктүк абалды текшерүү тартиби

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 125 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5575/edition/34614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029357/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө, 17-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-17

---

1. Адам алдын алуучу каттоого коюлгандан кийин каттоодо турган бүткүл мөөнөт ичинде анын мүлктүк абалы текшерилип турат.

2. Анын жакын туугандары да мүлккө ээлик кылуу жагдайларын, кирешелерди алуу же мүлктү сатып алуунун укук ченемдүүлүгүн жана алынган кирешелердин мыйзамдуулугун тастыктоочу документтерди аныктоо предметине текшерилүүгө тийиш.

3. Алдын алуучу каттоого коюлган адамдын мүлктүк абалын текшерүү жөнүндө чечим ыкчам кызматкердин өтүнүч катынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын ыкчам бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан кабыл алынат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын фамилиясы, аты жана атасынын аты;

2) текшерүү жүргүзүлүп жаткан адамдын (же адамдардын) фамилиясы, аты жана атасынын аты;

3) текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгы жана максаты жөнүндө күбөлөндүрүүчү маалыматтар;

4) текшерүү жүргүзүү зарыл болгон убакыт аралыгы.

4. Мүлктүк абалды текшерүү ыйгарым укуктуу орган менен калкты жана мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жөнүндө болгон келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-18)
