# 16-берене. Алдын алуучу аңгемелешүү

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 125 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5575/edition/34614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029357/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө, 16-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-16

---

1. Алдын алуучу аңгемелешүүгө адамды чакыруу жазуу жүзүндө же болбосо электрондук түрдө, ошондой эле чакырууну жазып алууну камсыз кылуучу башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Алдын алуучу аңгемелешүүгө адамды чакыруунун тартиби ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актысы менен аныкталат.

2. Алдын алуучу аңгемелешүүнү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы түшүндүрүп бергендиги жөнүндө жазуу жүзүндө тил катты алуу менен адамга анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

3. Алдын алуучу аңгемелешүү ыйгарым укуктуу органдын жайгашкан жери боюнча, адамдын жашаган, окуган, иштеген жери боюнча же болбосо коомдук жерлерде ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.

4. Алдын алуучу аңгемелешүүнүн узактыгы үч сааттан ашпоосу керек.

Алдын алуучу аңгемелешүү түнкү убакта жүргүзүлбөйт.

5. Алдын алуучу аңгемелешүүнүн жүрүшүндө адамдын инсандык өзгөчөлүктөрү, жашоо образы, социалдык-тиричилик жашоо шарттары, байланыш чөйрөсү, үй-бүлө курамы, жакын туугандарынын болушу, киреше булактары, иштеген, окуган жери, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн бар болушу, ошондой эле башка жагдайлары аныкталат.

6. Бала менен алдын алуучу аңгемелешүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, ал эми алар жок болгондо - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн, педагогдун же психологдун катышуусунда жүргүзүлөт.

7. Алдын алуучу аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча түшүндүрмө кат тандалып алынат, алдын алуучу ишке тиркөө үчүн протокол түзүлөт. Протоколдун көчүрмөсү аңгемелешүү жүргүзүлгөн адамга тапшырылат. Алдын алуучу аңгемелешүүнү өткөрүү жөнүндө протоколдун формасы ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актысы менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-17)
