# 15-берене. Адамды алдын алуучу каттоого коюунун жана чыгаруунун негиздери

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 125 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5575/edition/34614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029357/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө, 15-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-15

---

1. Адамды алдын алуучу каттоого коюу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) адам уюшкан топту, кылмыштуу коомдоштукту түзгөндүгү же аларга катышкандыгы же болбосо аларды каржылагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү;

2) адам уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында же кызыкчылыгында кылмыш жасагандыгы үчүн, ошондой эле криминалдык иерархиядагы абалды (статусту) ээлегендигин моюнга алгандыгы, тастыктагандыгы же танбагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү.

2. Адамды алдын алуучу каттоодон чыгаруу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) алдын алуучу каттоонун мөөнөтүнүн аякташы;

2) адамды дайынсыз жоголду же каза болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;

3) соттун актоочу өкүмү;

4) адамдын өлүмү.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-16)
