15-берене. Адамды алдын алуучу каттоого коюунун жана чыгаруунун негиздери
Күчүндө · 23.06.2025 редакциясы
1. Адамды алдын алуучу каттоого коюу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) адам уюшкан топту, кылмыштуу коомдоштукту түзгөндүгү же аларга катышкандыгы же болбосо аларды каржылагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү;
2) адам уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында же кызыкчылыгында кылмыш жасагандыгы үчүн, ошондой эле криминалдык иерархиядагы абалды (статусту) ээлегендигин моюнга алгандыгы, тастыктагандыгы же танбагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү.
2. Адамды алдын алуучу каттоодон чыгаруу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) алдын алуучу каттоонун мөөнөтүнүн аякташы;
2) адамды дайынсыз жоголду же каза болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
3) соттун актоочу өкүмү;
4) адамдын өлүмү.
Берененин тексти 23.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029357/st-15" title="15-берене - Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>