# 13-берене. Алдын алуучу каттоо

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 125 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5575/edition/34614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029357/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө, 13-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-13

---

1. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдын алуучу каттоодо турган адамдардын маалымат базасынын кармоочусу болуп саналат.

2. Алдын алуучу каттоодо турган адамдар жөнүндө документтер мөөнөтсүз сакталат жана кызматтык пайдалануу үчүн документтер болуп саналат.

3. Алдын алуучу каттоону жүргүзүү тартиби ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук акты менен аныкталат.

4. Алдын алуучу каттоодо турган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ок атуучу куралды сатып алууга укуксуз. Эгерде адам мурда, мыйзамда белгиленген тартипте ок атуучу куралды сатып алган болсо, ал алдын алуучу каттоодон чыгарылганга чейин ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга убактылуу сактоого өткөрүп берилүүгө тийиш.

5. Алдын алуучу каттоодо турган адамдын туруктуу жашаган жери өзгөргөндө аны каттоо жаңы туруктуу жашаган жери боюнча жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-14)
