13-берене. Алдын алуучу каттоо
Күчүндө · 23.06.2025 редакциясы
1. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдын алуучу каттоодо турган адамдардын маалымат базасынын кармоочусу болуп саналат.
2. Алдын алуучу каттоодо турган адамдар жөнүндө документтер мөөнөтсүз сакталат жана кызматтык пайдалануу үчүн документтер болуп саналат.
3. Алдын алуучу каттоону жүргүзүү тартиби ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук акты менен аныкталат.
4. Алдын алуучу каттоодо турган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ок атуучу куралды сатып алууга укуксуз. Эгерде адам мурда, мыйзамда белгиленген тартипте ок атуучу куралды сатып алган болсо, ал алдын алуучу каттоодон чыгарылганга чейин ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга убактылуу сактоого өткөрүп берилүүгө тийиш.
5. Алдын алуучу каттоодо турган адамдын туруктуу жашаган жери өзгөргөндө аны каттоо жаңы туруктуу жашаган жери боюнча жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 23.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029357/st-13" title="13-берене - Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>