# 10-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы жалпы аракеттенүү

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 125 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5575/edition/34614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029357/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө, 10-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-10

---

Уюшкан кылмыштуулукка каршы жалпы аракеттенүүчү ыйгарым укуктуу жана көмөктөшүүчү органдар тарабынан өз компетенциясынын чегинде төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин өркүндөтүү, эл аралык кызматташтыкты уюштуруу;

2) уюшкан кылмыштуулукка жарандардын тартылышынын алдын алуу максатында калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;

3) уюшкан кылмыштуулук тарабынан жаңы тенденцияларды жана коркунучтарды аныктоо үчүн статистикалык маалыматтарга жана ыкчам маалыматтарга дайыма талдоо жүргүзүү;

4) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү, анын алдын алуу (профилактикалоо) боюнча чараларды иштеп чыгуу;

5) чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана тиешелүү компетенттүү органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу;

6) уюшкан топтордун же кылмыштуу коомдоштуктардын жеке жана юридикалык жактарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын криминалдык идеологияны жайылтуу максатында же кылмыштуу максаттарда пайдаланышына жол бербөө;

7) уюшкан кылмыштуулуктун мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, адвокатуранын, диний бирикмелердин, дин кызматкерлеринин, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын тутумуна кирүүсүнө жол бербөө;

8) жаштардын жана башка адамдардын уюшкан топко, кылмыштуу коомдоштуктарга же болбосо аларды каржылоого тартылышына жол бербөө;

9) криминалдык идеологияны пропагандалоого жол бербөө;

10) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык абалды текшерүү жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу;

11) уюшкан кылмыштуулукка каршы жалпы аракеттенүүнүн башка багыттарын ишке ашыруу.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-11)
