# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлу № 388 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлу № 388 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 388
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029356>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43134/edition/34603/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029356.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлу № 388 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (02.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029356

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 2-июлу № 388

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:

– эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын борбордук аппаратында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорттун 12 бирдигине чейин уруксат берилет.”;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемеси:

– төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:

“15. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлоруна бекитип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 300 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 49 (3705) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
