Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө»,«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу)» Конституциялык Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 10-июлу № 138
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу)
1-берене. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (“Эркин-Тоо” гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72–74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген учурларды кошпогондо, башка мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгө салуу предметине тиешелүү ченемдер ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзам менен башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизиялар пайда болгон учурда ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери колдонулат.”;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
“3. Ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери “Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.”. 2-берене. “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (“Эркин-Тоо” гезити, 2023-жылдын 6-июну, № 45) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “Ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери “Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.”.
3-берене. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 52 (3708) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 19-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 31.05.2023 · № 114
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 31.05.2023 · № 114
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92