# Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 505 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын "ОМЕГА" атайын багыттагы отряды жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 505 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын "ОМЕГА" атайын багыттагы отряды жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 505
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029334>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1753/edition/34561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029334.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 505 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын "ОМЕГА" атайын багыттагы отряды жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу" буйругу (13.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029334

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ

2023-жылдын 13-сентябры № 505 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын “ОМЕГА” атайын багыттагы отряды жөнүндө жобону” бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 22-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы №33 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жөнүндө жобонун 17-пунктун жетекчиликке алып,

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын “ОМЕГА” атайын багыттагы отряды жөнүндө жобо ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2020-жылдын 17-январындагы №29 “ ОМЕГА” атайын дайындалган отряды жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготуу деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Катчылыгы ушул буйруктун көчүрмөсүн (мамлекеттик жана расмий тилдеги) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине контролдоо үчүн жөнөтсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Коомчулук менен байланыш бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын расмий сайтында жарыялоону ишке ашырсын.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.

Төрага и/к генерал-майору

А. Эгембердиев
