Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын «ОМЕГА» атайын багыттагы отряды жөнүндө жобону» бекитүү тууралуу» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2023-жылдын 13-сентябры № 505 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын “ОМЕГА” атайын багыттагы отряды жөнүндө жобону” бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 22-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы №33 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жөнүндө жобонун 17-пунктун жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын “ОМЕГА” атайын багыттагы отряды жөнүндө жобо ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2020-жылдын 17-январындагы №29 “ ОМЕГА” атайын дайындалган отряды жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготуу деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Катчылыгы ушул буйруктун көчүрмөсүн (мамлекеттик жана расмий тилдеги) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине контролдоо үчүн жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Коомчулук менен байланыш бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын расмий сайтында жарыялоону ишке ашырсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Төрага и/к генерал-майору
А. Эгембердиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2020-жылдын 17-январындагы № 29 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу…Приказ · 17.01.2020 · № 29 · Күчүн жоготкон