# 22-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигин прокурордук көзөмөлдөө

- Документ: [Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 "Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029331/edition/34556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029331/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө, 22-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-22

---

1. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор жүзөгө ашырышат.

2. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө мыйзамдар бузулгандыгы жөнүндө прокуратурага келип түшкөн материалдарга, маалыматтарга жана жарандардын кайрылууларына байланыштуу ыйгарым укуктуу прокурордун суроо-талабы боюнча, ошондой эле ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн белгиленген тартибин жана мында кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун текшерүүдө ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчилери аталган прокурорго бул иш-чараларды жүргүзүү үчүн негиз болгон ыкчам-кызматтык документтерди берет.

3. Ыкчам кызыкчылыктын объектисинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар жана ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзүүчү органдардын штаттагы жашыруун кызматкерлери, ошондой эле бул органдарга купуя негизде жардам көрсөткөн же көрсөтүп жаткан адамдар жөнүндө маалыматтар, аларды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу талап кылынган учурларды кошпогондо, аталган адамдардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана прокурорго берилет. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашырууну уюштуруу, анын тактикасы, усулдары жана каражаттары жөнүндө маалыматтар прокурордук көзөмөлгө алынбайт.

4. Прокуратура органдарынын жетекчилери прокурорго берилген ыкчам-кызматтык документтерде камтылган маалыматтардын корголушун камсыз кылуучу шарттарды түзүшөт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-23)
