# 20-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдардын билдирүүлөрү

- Документ: [Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 "Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029331/edition/34556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029331/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө, 20-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-20

---

1. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөн адамдардан түшкөн маалыматтар жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү эрежелери боюнча белгиленет жана сакталат.

2. Эгерде алынган билдирүүлөрдө кылмыштуу жосундун белгилери камтылган болсо, ыйгарым укук берилген адам тарабынан рапорт менен таризделет жана Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталат.

3. Эгерде даярдалып жаткан же жасалган кылмыштуу жосун жөнүндө алынган билдирүү мурда Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган болсо, Кылмыштардын бирдиктүү реестринде мурда катталгандыгы жөнүндө белги коюу менен жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү эрежелери боюнча катталат.

4. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөн адамдардан түшкөн кылмыштуу жосундун белгилерин камтыбаган маалыматтар же болбосо атайын тергөө аракеттерин аткарууда түшкөн маалыматтар Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталууга тийиш эмес, алар жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү эрежелери боюнча белгиленет.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-21)
