# 18-берене. Адамдардын ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүсү

- Документ: [Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 "Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029331/edition/34556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029331/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө, 18-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-18

---

1. Айрым адамдар өздөрүнүн макулдугу менен, анын ичинде контракт боюнча, купуялуулукту сактоо менен ыкчам-иликтөө иш-чараларын даярдоого же жүргүзүүгө ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүгө тартылышы мүмкүн. Бул адамдар ыкчам-иликтөө иш-чараларын даярдоонун же жүргүзүүнүн жүрүшүндө өздөрүнө белгилүү болгон маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү жана аталган органдарга атайылап жалган маалымат берүүгө укугу жок.

2. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар жашы жеткен аракетке жөндөмдүү адамдар менен алардын жарандыгына, улутуна, жынысына, мүлктүк, кызматтык же социалдык абалына, билимине, коомдук бирикмелерге таандыгына, динге карата мамилесине жана саясий ынанымдарына карабастан контракт түзө алышат.

3. Эгерде мындай кызматташтык кесиптик мүнөздөгү купуя маалыматты ачууга байланыштуу болсо, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга адвокаттардын, нотариустардын, медициналык кызматкерлердин, дин кызматкерлеринин, журналисттердин купуя кызматташтыгын пайдаланууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-19)
