# 12-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин натыйжаларын пайдалануу

- Документ: [Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 "Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029331/edition/34556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029331/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө, 12-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-12

---

1. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин натыйжалары тергөө жана сот аракеттерин даярдоо жана жүзөгө ашыруу, кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү жана аларды даярдап жаткан, жасап жаткан же жасаган адамдарды табуу жана аныктоо, ошондой эле издөө милдеттерин ишке ашыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

2. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин натыйжалары сотко чейинки өндүрүштү баштоо үчүн негиз болушу, алгачкы текшерүү органына, кылмыш-жаза иши өндүрүшүндө турган тергөөчүгө, прокурорго же сотко берилиши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын далилдерди чогултууну, текшерүүнү жана аларга баа берүүнү регламенттөөчү жоболоруна ылайык кылмыш-жаза иштери боюнча далилдерде пайдаланылышы мүмкүн.

3. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин натыйжаларын алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко берүү ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчисинин токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында саналган адамдарга карата ыкчам-иликтөө ишмердигинин жыйынтыктары аларга иштин көрсөтүлгөн түрлөрүнө уруксат берүү жөнүндө маселени чечүүдө эске алынат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331/st-13)
