# 9-берене. Кеңеште чечимдерди кабыл алуунун тартиби

- Документ: [Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 136 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329#diff=34554..56546>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029329/edition/34554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029329/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө, 9-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-9

---

1. Кеңештин төрагасы Кеңештин биринчи жыйналышын өткөрүү датасын, убактысын жана ордун аныктайт.

Кеңеш өз жыйналыштарын зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрөт. Кеңештин катчысы Кеңештин мүчөлөрүнө Кеңештин жыйналышын өткөрүү датасы, орду жана убактысы жөнүндө ал өткөрүлгөнгө чейин 48 сааттан кечиктирбестен кабарлоого тийиш.

2. Эгерде Кеңештин жыйналышына алардын саны бир мүчөнү чыгарып салуу менен Кеңештин шайланган (дайындалган) мүчөлөрүнүн жалпы санына барабар болгон Кеңештин мүчөлөрү катышса, ал укуктуу (кворуму бар) болуп саналат.

Кеңештин жыйналыштарында чечимдер Кеңештин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Эгерде күн тартибиндеги маселе боюнча Кеңештин мүчөсүнүн кызыкчылыктарынын кагылышуусу болсо, Кеңештин мындай мүчөсүнө мындай маселе боюнча добуш берүүгө тыюу салынат.

3. Эгерде Кеңештин чечими Кеңештин төрагасы, Кеңештин катчысы тарабынан кол коюлган жана каттоочу тарабынан ырасталган протокол түрүндө таризделсе, ал талаптагыдай түрдө кабыл алынды деп саналат.

Кеңештин жыйналыштары кабарламага жана кворумга жана Кеңештин чечимин кийин протокол менен тариздөөгө карата талаптар сакталган шартта видеоконференция байланыш форматында өткөрүлүшү мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-10)
