# 8-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары

- Документ: [Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 136 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329#diff=34554..56546>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029329/edition/34554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029329/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө, 8-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-8

---

Кеңешке төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:

1) "Тамчы" АФИАнын саясатынын негизги багыттарын жана өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу;

2) "Тамчы" АФИАны ушундай түрдөгү коммерциялык жана финансылык борборлор үчүн мыкты эл аралык стандарттарга ылайык башкаруу;

3) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги жана Борбор Азия өлкөлөрүндө алдынкы коммерциялык жана финансылык борбор катары "Тамчы" АФИАнын статусун колдоо;

4) максаттарга жетүү үчүн бардык зарыл болгон инфратүзүмдү, персоналды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана башка колдоо көрсөтүү;

5) "Тамчы" АФИАнын жылдык бюджетинин аткарылышын контролдоо;

6) өз функцияларын, милдеттерин аткаруу жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн алынган каражаттарды өзүнүн кароосу боюнча чыгымдоо, анын ичинде "Тамчы" АФИАнын органдарына зарыл болгон каржылоону берүү;

7) ички жол-жоболорду аныктоо;

71) башкаруучу компаниянын жетекчисин дайындоо жана анын ыйгарым укуктарын токтотуу;

8) "Тамчы" АФИАнын максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана милдеттенмелерди аткаруу.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-9)
