# 7-берене. Кеңеш

- Документ: [Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 136 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329#diff=34554..56546>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029329/edition/34554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029329/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө, 7-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-7

---

1. Кеңеш Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн жана инвесторлорду камтыган, "Тамчы" АФИАнын жогорку жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу органы болуп саналат.

2. Кеңешти түзүүнүн тартиби, анын курамы, компетенциясы, ыйгарым укуктары, ошондой эле анын ишин уюштуруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Кеңештин мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрине киргизилүүгө тийиш.

Дагы караңыздар: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 609 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу боюнча кеңешти түзүү жана анын ишин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

3. Кеңеш Кеңештин төрагасынан, ошондой эле Кеңештин 9дан көп эмес башка мүчөлөрүнөн, анын ичинде башкаруучу компаниянын жетекчисинен турат.

4. Кеңештин мүчөлөрүнүн эц аз саны, анын ичинде Кеңештин төрагасы жана башкаруучу компаниянын жетекчиси менен - 7 адам.

Кеңештин мүчөлөрүн биринчи дайындоо Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат. Кеңештин төрагасы Кеңештин мүчөлөрү тарабынан анын курамынан дайындалат. Кеңештеги кийинки бош орундарды ээлөө, төраганын ыйгарым укуктарын узартуу же дайындоо Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен жүзөгө ашырылат.

5. Министрлер Кабинети Кеңештин мүчөлөрүнүн (башкаруучу компаниянын жетекчисин кошуп алганда) башкаруучу компаниядагы башка иш менен өздөрүнүн кызмат ордун айкалыштыруу мүмкүндүгү сакталган шарттарды аныктоо боюнча Кеңештин ыйгарым укуктарына зыян келтирбестен Кеңештин мүчөлөрүнүн сый акысынын өлчөмүн макулдашат.

6. Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыздоо жана анын чечимдерин тариздөө үчүн Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин катчысын дайындайт, ал жөнүндө маалыматтар "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрине киргизилүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-8)
