# 6-берене. "Тамчы" АФИАнын органдары

- Документ: [Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 136 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329#diff=34554..56546>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029329/edition/34554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029329/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө, 6-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-6

---

(Берененин аталышы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. "Тамчы" АФИАнын органдары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кеңеш;

2) башкаруучу компания;

3) каттоочу;

4) финансылык жөнгө салуучу;

5) Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор.

2. "Тамчы" АФИАнын органдары өз ишин ушул Мыйзамда жана "Тамчы" АФИАнын актыларында каралган ыйгарым укуктардын чегинде көз карандысыз жүзөгө ашырат.

3. "Тамчы" АФИАнын катышуучуларынын ишин контролдоону жана көзөмөлдөөнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби ушул Мыйзам жана "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.

4. "Тамчы" АФИАнын бюджетинин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо тартиби Кеңеш тарабынан белгиленет.

5. Ар бир орган "Тамчы" АФИАнын» актыларында каралган уюштуруучулук-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат жана юридикалык жактын укуктарына ээ. Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары "Тамчы" АФИАнын органдары алардын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон укук жөндөмдүүлүгүн пайдаланат.

Кыргыз Республикасы "Тамчы" АФИАнын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми "Тамчы" АФИАнын органдары Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Бир дагы орган кудуретсиз (банкрот) деп таанылышы (жарыяланышы) мүмкүн эмес. "Тамчы" АФИАнын ар бир органы көз карандысыз укук жөндөмдүүлүгүнө, обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы, эсептешүү жана башка эсептери, анын ичинде валюталык эсептери бар, өз атынан мүлктүк укуктарга ээ боло алат жана сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.

6. Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларды кошпогондо, "Тамчы" АФИАнын органдары өз ишин Кыргыз Республикасынан көз карандысыз жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка органдарына отчет бербейт.

7. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин ишин контролдоону жана көзөмөлдөөнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби ушул Мыйзам жана "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.

8. "Тамчы" АФИАга бөлүнүп берилген Кыргыз Республикасынын бюджетинин каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо тартиби Кеңеш тарабынан гана аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-7)
