5-берене. "Тамчы" АФИА
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2026 года № 119
1. "Тамчы" АФИА Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо кепилдиктерин камсыз кылуу, өндүрүштү, транспорттук инфратүзүмдү, туризмди жана санаториялык-курорттук чөйрөнү түзүү жана өнүктүрүү максатында жана (же) ушул Мыйзамда аныкталуучу башка максаттарда түзүлөт.
2. "Тамчы" АФИАны түзүүнү жана өнүктүрүүнү, анын ичинде өндүрүштүк, инженердик, транспорттук жана башка инфратүзүмдү, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын иштөөсүнө байланышкан башка чыгымдарды, анын ичинде органдарды күтүүнү каржылоо "Тамчы" АФИАнын өздүк бюджетинен, республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы республикалык бюджетке чегерүүлөрдү жүргүзөт.
Түшкөн каражаттардан республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029329/st-5" title="5-берене - Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>