# 23-берене. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу

- Документ: [Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 136 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329#diff=34554..56546>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029329/edition/34554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029329/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө, 23-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-23

---

1. "Тамчы" АФИАнын субъекттери жана органдары "Тамчы" АФИАда иштөө үчүн чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды уруксат албастан тартууга укуктуу.

Ушундай жол менен тартылган чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасында ишке орношууга уруксат алуу милдетинен бошотулат.

2. Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын субъекттери жана органдары тарабынан ишке тартылуучу чет өлкөлүк жумушчу күчүн эсепке алууну жүргүзөт.

"Тамчы" АФИАда иштеген, ишке тартылган чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтар калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча башкаруучу компания тарабынан берилет.

3. Калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органга берилүүчү маалыматтардын курамы, аларды берүүнүн мезгилдүүлүгү жана тартиби калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу боюнча "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы тарабынан аныкталат.

4. "Тамчы" АФИАнын субъекттери жана органдары ишке тартылган чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды "Тамчы" АФИАнын актыларына ылайык башкаруучу компанияга берет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-24)
