# 20-берене. Өзгөчө бажы режими

- Документ: [Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 136 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029329/edition/34554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029329/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө, 20-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-20

---

1. "Тамчы" АФИА Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын бир бөлүгү болуп саналат.

2. "Тамчы" АФИАда эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулат.

Эркин бажы зонасы - "Тамчы" АФИАнын субъекттери бажы алымдарын жана салыктарды төлөбөстөн "Тамчы" АФИАнын чегинде товарларды жайгаштырган жана пайдаланган бажы жол-жобосу.

3. "Тамчы" АФИА ЕАЭБдин Бажы кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бажы контролу зонасы болуп саналбайт.

4. "Тамчы" АФИАнын субъекттери "Тамчы" АФИАда ушул Мыйзамдын жана анын негизинде кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо шартында чет өлкөлүк товарларды жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларын пайдалануу менен байланышкан чарбалык ишти жүзөгө ашыра алат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-21)
