# 18-берене. "Тамчы" АФИАнын өзгөчө укуктук режими

- Документ: [Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 136 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329#diff=34554..56546>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029329/edition/34554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029329/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө, 18-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-18

---

1. Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин жана (же) "Тамчы" АФИАнын органдарынын жана (же) алардын кызматкерлеринин ортосунда келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алууга укуктуу, анын ичинде:

1) жарандык-укуктук мамилелер, анын ичинде уюмдар болуп саналган "Тамчы" АФИАнын субъекттерине катышууга жана (же) аларды башкарууга байланышкан мамилелер;

2) жарандык-процесстик мамилелер;

3) финансылык мамилелер;

4) эмгек мамилелери;

5) "Тамчы" АФИАнын органдары тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболору.

2. Эгерде мындай мамилелердин тараптарынын ортосундагы макулдашууда башкача макулдашылбаса, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамилелер "Тамчы" АФИАнын актылары менен жөнгө салынат.

3. Ушул Мыйзамда тикелей каралган учурларда "Тамчы" АФИАнын органдары ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн мамилелерди жөнгө салуучу "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алат.

4. "Тамчы" АФИАнын актылары англис укуктук тутумунун принциптерине, мыкты эл аралык тажрыйбаларга, ошондой эле алдыңкы дүйнөлүк финансылык борборлордун жана атайын укуктук режими бар эркин зоналардын стандарттарына негизделүүгө тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна же эл аралык тартипке коркунучтардын келип чыгуусу үчүн шарттарды жоюу максатында "Тамчы" АФИАнын актылары "Тамчы" АФИАнын субъекттери үчүн айрым чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.

6. "Тамчы" АФИАга карата кылмыш-жаза жана административдик укук мамилелери ушул берененин 8-бөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

7. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

8. "Тамчы" АФИАда уруксат берилген ишти жана "Тамчы" АФИАнын актыларына ылайык уруксат берилген аракеттерди жүргүзүү фактысы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу болуп саналбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-19)
