Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. "Тамчы" АФИАнын өзгөчө укуктук режими
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2026 года № 119
1. Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин жана (же) "Тамчы" АФИАнын органдарынын жана (же) алардын кызматкерлеринин ортосунда келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алууга укуктуу, анын ичинде:
1) жарандык-укуктук мамилелер, анын ичинде уюмдар болуп саналган "Тамчы" АФИАнын субъекттерине катышууга жана (же) аларды башкарууга байланышкан мамилелер;
2) жарандык-процесстик мамилелер;
3) финансылык мамилелер;
4) эмгек мамилелери;
5) "Тамчы" АФИАнын органдары тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболору.
2. Эгерде мындай мамилелердин тараптарынын ортосундагы макулдашууда башкача макулдашылбаса, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамилелер "Тамчы" АФИАнын актылары менен жөнгө салынат.
3. Ушул Мыйзамда тикелей каралган учурларда "Тамчы" АФИАнын органдары ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн мамилелерди жөнгө салуучу "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алат.
4. "Тамчы" АФИАнын актылары англис укуктук тутумунун принциптерине, мыкты эл аралык тажрыйбаларга, ошондой эле алдыңкы дүйнөлүк финансылык борборлордун жана атайын укуктук режими бар эркин зоналардын стандарттарына негизделүүгө тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна же эл аралык тартипке коркунучтардын келип чыгуусу үчүн шарттарды жоюу максатында "Тамчы" АФИАнын актылары "Тамчы" АФИАнын субъекттери үчүн айрым чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.
6. "Тамчы" АФИАга карата кылмыш-жаза жана административдик укук мамилелери ушул берененин 8-бөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
7. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
8. "Тамчы" АФИАда уруксат берилген ишти жана "Тамчы" АФИАнын актыларына ылайык уруксат берилген аракеттерди жүргүзүү фактысы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу болуп саналбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин жана (же) алынып салынды: башкаруу кошулду: "Тамчы" АФИАнын органдарынын жана (же) алардын кызматкерлеринин ортосунда келип … мамилелер;
3) финансылык мамилелер;
4) эмгек мамилелери;
5) алынып салынды: башкаруу кошулду: "Тамчы" АФИАнын органдары тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү … менен жөнгө салынат.
3. Ушул Мыйзамда тикелей каралган учурларда алынып салынды: башкаруу кошулду: "Тамчы" АФИАнын органдары ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн мамилелерди жөнгө … "Тамчы" АФИАнын актылары англис укуктук тутумунун принциптерине, алынып салынды: жалпы укук тутумунун башка юрисдикцияларынын, кошулду: мыкты эл аралык тажрыйбаларга, ошондой эле алдыңкы дүйнөлүк финансылык борборлордун жана атайын … Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу болуп саналбайт.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029329/st-18" title="18-берене - Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>