# 17-берене. Лицензиялык-уруксат берүү иши

- Документ: [Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 136 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029329/edition/34554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029329/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө, 17-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-17

---

1. Башкаруучу компания жеке жана юридикалык жактарга "Тамчы" АФИАда "Тамчы" АФИАнын субъекттери катары каттоого уруксат берүү тартибин аныктайт, ошондой эле лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмегин аныктайт.

2. Ушул Мыйзамга жана "Тамчы" АФИАнын актыларына ылайык лицензия алган жеке же юридикалык жак кошумча лицензияларды жана уруксаттарды алуунун зарылдыгы болбостон, "Тамчы" АФИАнын алкагында тиешелүү ишти жүргүзүүгө укуктуу.

3. "Тамчы" АФИАнын алкагында иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жактар ушул Мыйзамда жана "Тамчы" АФИАнын актыларында белгиленген тартипте көзөмөлдөөнүгө, жөнгө салынууга жана мажбурлоо чараларына тийиш.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-18)
