# 13-берене. Финансылык жөнгө салуучу

- Документ: [Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 136 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029329/edition/34554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029329/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө, 13-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-13

---

1. Финансылык жөнгө салуучу виртуалдык активдерди кошуп алганда, финансы чөйрөсүндөгү иш-аракеттерди жөнгө салууга байланыштуу ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Финансылык жөнгө салуучу аталган ишти жөнгө салуу, лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон жалгыз орган болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет бербейт.

3. Ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен "Тамчы" АФИАнын актылары финансылык жөнгө салуучунун башкаруу тартибин, ишинин максаттарын, ыйгарым укуктарын, функцияларын, ошондой эле финансылык жөнгө салуучуну башкаруунун тартибин аныктайт.

4. "Тамчы" АФИАнын актылары менен фонддук, валюталык же криптовалюталык биржалар, банктар же криптобанктар, брокерлер жана аларды түзүү жана иш жүргүзүү шарттарын аныктоого тийиш болгон ар кандай башка финансылык институттар уюштурулушу мүмкүн.

5. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, "Тамчы" АФИАнын финансылык институттарына карата банктар, баалуу кагаздар рыногу, виртуалдык активдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары колдонулбайт.

6. Ушул Мыйзамдын колдонулушу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук талаптарды аткарууга, анын ичинде бул чөйрөдө эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт.

7. "Тамчы" АФИАда баалуу кагаздарды, виртуалдык активдерди жана башка финансылык инструменттерди чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү, сатып алуу жана жабуу, ошондой эле аларды баалуу кагаздар, виртуалдык активдер жана/же башка финансылык инструменттер же валюталар катары таануу тартиби "Тамчы" АФИАнын актысы менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-14)
