# 10-берене. Кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жана ыйгарым укуктарын токтотуу

- Документ: [Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 136 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329#diff=34554..56546>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029329/edition/34554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029329/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө, 10-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-10

---

1. Коммерциялык иш, финансы, банк иши, юриспруденция, камсыздандыруу иши, бухгалтердик эсеп, капитал рыноктору чөйрөсүндө же башка кандай болбосун компетенцияда эл аралык тажрыйбасы бар адамдар Кеңештин мүчөлөрү болуп дайындалышы мүмкүн.

Кеңештин мүчөлөрү 5 жылга дайындалат. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чектелбеген санда узартылышы мүмкүн.

2. Кеңештин ар бир мүчөсү каалаган учурда ыйгарым укуктарын токтотуу болжолдонгон датага чейин 30 күн мурда Кеңештин төрагасына арыз берүү аркылуу ыйгарым укуктарынан баш тарта алат.

3. Кеңештин Төрагасы кайсы учурда болбосун Кеңештин кандай болбосун мүчөсүнүн (Кеңештин мүчөсү катары башкаруучу компаниянын жетекчисин кошпогондо) ыйгарым укуктарын токтото алат, эгерде:

1) ал өз ыйгарым укуктарын оорудан улам, ошондой эле аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген (аракетке жөндөмсүз) деп таанылгандыгынын натыйжасында жүзөгө ашыра албаса;

2) ал кудуретсиз (банкрот) деп таанылса;

3) бул Кеңештин мүчөсү кылмыш жасоодо күнөөлүү деп таанылган соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе;

4) башкаруучу компаниянын ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн Кеңештин мүчөсүн алмаштыруу зарыл же керек болсо.

4. Башкаруучу компаниянын жетекчисинин Кеңештин мүчөсү катары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Кеңештин "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясынын жетекчисинин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечими кабыл алынган күнү күчүнө кирет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029329/st-11)
