# Кыдыр Аке айыл аймагынын Сары-Камыш айылындагы коргоо зоналарынын чектерин бекитүү жөнүндө жергиликтүү кенешинин токтому

- Толук аталышы: Кыдыр Аке айыл аймагынын Сары-Камыш айылындагы коргоо зоналарынын чектерин бекитүү жөнүндө жергиликтүү кенешинин токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43117/edition/34545/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыдыр Аке айыл аймагынын Сары-Камыш айылындагы коргоо зоналарынын чектерин бекитүү жөнүндө жергиликтүү кенешинин токтому (16.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029319

---

КЫДЫР АКЕАЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

II чакырылышы

ТОКТОМ

02.07.2025 №71

Сары-Камыш айылындагы коргоо зоналарынын чектерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелинин №21“Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна таянып, айыл өкмөтүнүн актысынын негизинде аймактагы жер мунапысын ишке ашырууда жаралган көйгөйлөрдү чечүү жана жарандардын турак-жайларын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүү максатында айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Сары-Камыш айылындагы коргоо зоналарынын чектери төмөндөгүдөй бекитилсин:

- №1 суу топтоочу жайынын (водозабор) коргоо зонасы 25 метр;

- №2 суу топтоочу жайынын (водозабор) коргоо зонасы 12 метр;

- №3 суу топтоочу жайынын (водозабор) коргоо зонасы 25 метр;

- мүрзөнүн коргоо зонасы эң четтеги көрүстөндөн 10 метр;

- Сарт Аке жана Проектируемый көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски баздын орду айыл ичиндеги калктуу конуш катары 3000 чарчы метр;

2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.

Төрага Б.С.Акунов
