Кыргыз Республикасынын «2025-жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган «Борбордук Азия - Кытай» форматынын катчылыгынын бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууну жана «Борбордук Азия - Кытай» форматынын катчылыгынын кызмат адамдарын акчалай камсыздоо, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобону ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-июлу № 142
2025-жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган «Борбордук Азия - Кытай» форматынын катчылыгынын бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууну жана «Борбордук Азия - Кытай» форматынын катчылыгынын кызмат адамдарын акчалай камсыздоо, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобону ратификациялоо тууралуу
1-берене. 2025-жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган «Борбордук Азия - Кытай» форматынын катчылыгынын бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууну жана «Борбордук Азия - Кытай» форматынын катчылыгынын кызмат адамдарын акчалай камсыздоо, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобо ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун жана Жобонун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 52 (3708) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 19-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.