# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 188 “Мамлекеттик финансылык аудитти өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 188 “Мамлекеттик финансылык аудитти өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 204
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029301>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029301/edition/34523/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029301.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 188 “Мамлекеттик финансылык аудитти өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (14.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029301

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2025-жылдын 14-июлу ПЖ № 204 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 188 “Мамлекеттик финансылык аудитти өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аудитин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 188 “Мамлекеттик финансылык аудитти өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктта:

– 1–3-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;

– 5-пунктчада:

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “– Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы болгондо, текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын адистерин тартуу менен жүргүзүлөт;”; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “– аткаруу бийлигинин жетекчилигинин тапшырмасы болгондо, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүнү алдын алуу максатында кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылган финансылык бузууларга, уурдоолорго жана башка коррупциялык көрүнүштөргө байланышкан учурларда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын адистерин тартуу менен прокуратура жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлөт.”;

2) 3-пункт, 4-пункттун 3-пунктчасы, 5-пункттун 3–5-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 6-пунктта “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген стандарттарга жана методологияга ылайык жана” деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 52 (3708) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
