# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-июлундагы № 401 «Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин чек арасында автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу өтүү датасын жана убактысын резервдөөнү уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-июлундагы № 401 «Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин чек арасында автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу өтүү датасын жана убактысын резервдөөнү уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 401
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029292>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43102/edition/34513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029292.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-июлундагы № 401 «Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин чек арасында автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу өтүү датасын жана убактысын резервдөөнү уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому (08.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029292

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 8-июлу № 401

Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин чек арасында автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу өтүү датасын жана убактысын резервдөөнү уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө

Бажы процесстерин жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 “2022–2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2022–2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин чек арасында автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу өтүү датасын жана убактысын резервдөөнү уюштуруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коому жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын оператору болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын оператору менен биргеликте:

1) бардык өткөрүү пункттарында жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек системасын алардын даярдыгына жараша киргизсин;

2) жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек системасын киргизүүгө байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерин чечсин;

3) өткөрүү пункттарында жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек системасы киргизилген датага чейин бир айдын ичинде ташуучулар арасында түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзүүнү, анын ичинде электрондук кезекти башкаруу системасы аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү датасын жана убактысын резервдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун тартиби жөнүндө маалымдоону камсыз кылсын;

4) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер менен биргеликте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча талаптагыдай чараларды көрсүн.

4. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 500 “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөөнү башкарууну уюштуруу боюнча пилоттук долбоор жүргүзүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 96 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 500 “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөөнү башкарууну уюштуруу боюнча пилоттук долбоор жүргүзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 51 (3707) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары

Д.Дж. Амангельдиев
