Жайылма айылдык кеңешинин «Ваучердик каржылоонун механизмине пилоттук апробациялоо жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-июнундагы № 31 VII
«Ваучердик каржылоонун механизмине пилоттук апробациялоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693-токтомунун негизинде, Жайылма айыл өкмөтүнүн берген маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айыл аймагындагы аз камсыз болгон 2 үй-бүлөнүн мектепке чейинки курактагы балдарын бала бакчаларга орноштурууга, төлөмдөрдү ваучердик каржылоо ыкмасында каржылоого уруксаат берилсин.
2. Жайылма айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2025-жылына ваучердик каржылоого 26400 (жыйырма алты миң төрт жүз) сом суммадагы акча каражаты бөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭОнун башчысы З.Б. Акаевага жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы
К.М. Жонгучкаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.