1-берене
Күчүндө · 08.07.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, Nº 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1093-берене менен толукталсын:
«1093-берене. Анык эмес (жалган) маалыматтарды таратуу Жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармактарын пайдалануу менен коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылытарын бузууга алыш келген анык эмес (жалган) маалыматтарды таратуу, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса, - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алыш келет.»;
2) 454-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту «1092,» деген цифралардан кийин «1093,» деген цифралар менен толукталсын;
3) 456-берененин экинчи абзацы «1092» деген цифралардан кийин «1093,» деген цифралар менен толукталсын.
Берененин тексти 08.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029289/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>