5-берене
Күчүнө кире элек · 20.06.2025 редакциясы
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 7-декабры, № 147) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) аудитор - аудитордук иште 3 жылдан кем эмес иш стажы жана/же тажрыйбасы жана аудитордун квалификациялык сертификаты бар жеке жак;";
б) 8-пунктта "жогорку окуу жайларынын жана" деген сөздөр алып салынсын;
в) 9-пунктта "сапатты контролдоо стандарттарынын" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 11-пунктта "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган, мамлекетте" деген сөздөр "башка мамлекетте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
"111) чет өлкөлүк аудитор - аудитордук ишти жүргүзүү укугун алган жана статусу башка мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан ырасталган башка мамлекеттин жараны;";
е) 15-пунктта "катышуучусу/уюштуруучусу" деген сөздөр "уюштуруучусу/катышуучусу/акционери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ж) 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) сапатты башкаруу стандарттары - Аудиттин жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу тапшырмалардын эл аралык стандарттары боюнча кеңеш басып чыгарган, аудиттин, серептөөчү текшерүүлөрдүн, ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу башка тапшырмалардын же коштоочу кызмат көрсөтүүлөр боюнча тапшырмалардын сапатын башкарууда колдонулуучу сапатты башкаруунун эл аралык стандарттары;";
з) төмөнкүдөй мазмундагы 24 жана 25-пункттар менен толукталсын:
"24) башкаруучу өнөктөш - уюштуруучунун/катышуучулардын чечими же акционерлердин жалпы чогулушу менен дайындалуучу, Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген аудитор;
25) аудитордук уюмдун жетекчиси - башкаруучу өнөктөш/башкы директор/директор/аткаруучу директор.";
2) 3-берененин 2-бөлүгүндө "сапатты контролдоо стандарттары", "сапатты контролдоо стандарттарына" деген сөздөр тиешелүү түрдө "сапатты башкаруу стандарттары", "сапатты башкаруу стандарттарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 4-беренеде:
а) 3-бөлүктө "катышуучуларына/уюштуруучуларына" деген сөздөр "уюштуруучуларына/катышуучуларына/акционерлерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Аудитордук уюмдар аудитордук корутундуга (отчетко) кол коюлган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде аудиттин натыйжасында табылган финансылык отчеттуулуктун стандарттарын бузуулар жөнүндө аудиттелген жактарга бир мезгилде кабарлоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.";
4) 5-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аудитор негизги жумуш орду боюнча аудитор катары өз ишин бир аудитордук уюм менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде жүргүзөт. Аудитор бир гана аудитордук уюмдун уюштуруучусу/катышуучусу/акционери болууга укуктуу. Аудитор кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга милдеттүү. Аудитор же болбосо бир аудитордук уюмда эмгек мамилелеринде турган кызматкер бир эле мезгилде башка аудитордук уюмдун уюштуруучусу, катышуучусу же акционери болууга укуксуз.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Аудитор төмөнкү талаптарды бир мезгилде сактаган учурда гана аудитордук иш менен алектенүүгө укуктуу:
1) ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык Бирдиктүү мамлекеттик реестрде туруу;
2) ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык Бирдиктүү мамлекеттик реестрде турган кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуу;
3) аудитордун квалификациялык сертификатына ээ болуу.";
5) 7-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- 2-пунктта "жана (же) аудитордук уюмдарга" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) аудитордук уюм ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык Бирдиктүү мамлекеттик реестрде турган кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга милдеттүү;";
- 7-пунктта "сапатты контролдоо стандарттарына" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук ишти жүзөгө ашырган аудитордук уюм башка аудитордук уюмдун - Кыргыз Республикасынын резидентинин уюштуруучусу/катышуучусу/акционери болууга укуксуз.";
в) 6-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Ишкердик субъекттеринин, мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүүдө текшерилүүчү мезгил башталгандан тартып аудитордук корутунду берилгенге чейинки мезгилде аудитордук уюмдун ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1, 4, 5 жана 7-пункттарында каралган кызматтарды көрсөтүүсүнө тыюу салынат. Аудитордук уюмга ушул берененин 5-бөлүгүнүн 2, 3, 6, 8 жана 9-пункттарында каралган кызматтарды көрсөтүүгө төмөнкүдөй шартта уруксат берилет, эгерде:";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) аудитордук уюмдун аудиторлорунун тобу финансылык отчеттуулуктун аудити кызматтарын көрсөтүүгө катышпаса/катышпаган болсо жана аудиторлор тобун бөлүштүрүү процесси документтештирилсе.";
г) 7-бөлүктө "катышуучулары/уюштуруучулары" деген сөздөр "уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 8-бөлүктүн биринчи абзацында жана 10-бөлүктө "сапатты контролдоо стандарттарына" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 11-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Аудитордук уюм аудитордук уюмдун деңгээлинде аудиттин сапатын ички контролдоо үчүн жооптуу аудиторду дайындайт. Аудиттин сапатын контролдоо аудитте 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (ошол аудитордук уюмда же эл аралык бир тармакта турган уюмда иштеген) бар жана ошол аудитти жүргүзүүгө катышпаган аудитор же болбосо аудит боюнча адис, же келишимдик негизде башка аудитордук уюмдун аудитору тарабынан купуялуулукту сактоо менен жүргүзүлөт. Аудиттин сапатын контролдоо боюнча аудитордук уюмдардын ички саясатынын жана жол-жоболорунун жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык өзүнчө тапшырмалардын деңгээлинде, ар бир өзүнчө тапшырманын тобокелдигин баалоонун негизинде аудиттин сапатын контролдоо жүргүзүлөт.";
ж) 12-бөлүктө "жыл сайын" деген сөздөр "үзгүлтүксүз негизде, бирок 2 жылда бирден кем эмес жолу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 10-беренеде "сапатты контролдоо стандарттары" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Аудитордук уюмдун жоопкерчилигин камсыздандыруу Аудитордук уюм камсыздандыруу келишимин түзүү жолу менен аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнүн натыйжасында зыян келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан милдеттенмелер боюнча өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырууга милдеттүү. Аудитордук уюм камсыздандыруу келишимин түзбөй туруп аудитордук ишти жүзөгө ашырууга жана өзүнүн милдеттерин аткарууга укуксуз. Аудитордук уюм келишим түзүлгөндөн кийин 5 жумуш күндүн ичинде жарандык-укуктук жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими түзүлгөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү. Аудитордук уюм аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдүн буйрутмачысынын талабы боюнча аудитордук уюмдун жоопкерчилигин камсыздандыруу полисин көрсөтүүгө милдеттүү.";
8) 12-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аудитордун квалификациялык сертификаты бар жактар жана/же аудитордук уюмдар кесиптик аудитордук бирикменин уюштуруучусу болуп саналат. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоосу бар аудиторлор, аудитордук уюмдар жана/же аудитордун квалификациялык сертификаты бар жактар кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуп саналат. Аудиторлор жана аудитордук уюмдар бир гана кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуп саналат. Төмөнкү квалификациялык сертификаттардын биринен кем эмесине ээ болгон бухгалтерлер кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуп саналат:
- ушул Мыйзамга ылайык Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча базалык (биринчи) жана орто (экинчи) деңгээлдеги сертификат;
- Арачы/дипломдуу сертификаты бар бухгалтерлердин ассоциациясы (The Association of Chartered Certified Accountants - ACCA) тарабынан берилген "Дипломдуу сертификаты бар бухгалтер (Chartered Certified Accountant) " сертификаты;
- Англиянын жана Уэльстин Арачы/дипломдуу бухгалтерлер институту (The Institute of Chartered Accountants in England and Wales - ICAEW) тарабынан берилген "Ассоциацияланган дипломдуу бухгалтер (Associated Chartered Accountant)" сертификаты;
- CIPA (Certified International Professional Accountant: Сертификаты бар эл аралык кесипкөй бухгалтер) программасы боюнча сертификат.";
9) 14-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнүн категориялары;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41) кесиптик аудитордук бирикменин ар кандай категориядагы мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;";
10) 17-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Комитеттердин төрагалары бир эле мезгилде Аудиторлор кеңешинин мүчөлөрү болуп саналат.";
11) 19-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 2, 3 жана 7-пункттарда "сапатты контролдоо стандарттарын", "сапатты контролдоо стандарттарынын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "сапатты башкаруу стандарттарын", "сапатты башкаруу стандарттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4 жана 6-пункттарда "жогорку окуу жайлардын жана" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) Аудитордун квалификациялык сертификаты бар жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү.";
б) 3-бөлүктө "сапатты контролдоо стандарттарын" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 20-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) кесиптик аудитордук уюм тарабынан берилген, окуу программалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредиттелген Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзамендерди тапшыргандыгы тууралуу ырастоочу документи бар;";
13) 26-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пунктунда, 2-бөлүктө, 8-бөлүктүн 1-пунктунда "сапатты контролдоо стандарттарын" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) аудитордук ишти жүзөгө ашырууда аудитордук уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу полиси жок болсо.";
14) 27-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "жогорку окуу жайлардын жана" деген сөздөр алып салынсын;
15) 28-берененин 7-бөлүгүнүн биринчи абзацында "сапатты контролдоо стандарттарын" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 29-берененин 1-бөлүгүндө "Аудитордук уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндө тиешелүү мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 11-беренесин кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 20.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Аудитордук иш жөнүндөЗакон · 03.12.2021 · № 147
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029287/st-5" title="5-берене - Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>