# 4-берене

- Документ: [Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 "Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029287/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5570/edition/34503/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029287/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029287/st-4

---

"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берененин жетимиш үчүнчү абзацында "аудитордук компанияны" деген сөздөр "аудитордук уюмду" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 161-берененин 1-бөлүгүнүн онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- берилүүчү бухгалтердик отчетко карата аудитордук уюмдун (аудитордук уюмдун квалификациясына жана кесипкөй компетенциясына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет) корутундусу;";

3) 20-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун экинчи абзацында "аудитордун (аудиторлордун)" деген сөздөр "аудитордук уюмдун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 29-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ачык компанияларга аудит жүргүзүү үчүн талаптарга жооп берген аудитордук уюм менен келишим түзүүгө;";

5) 364-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун "а" пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- аудитордук уюмдун толук расмий аталышы;".

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287/st-5)
