3-берене
Күчүнө кире элек · 20.06.2025 редакциясы
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 27-статьянын 3-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) коомдун финансылык отчету аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирген аудитордук уюмдун корутундусу менен тастыкталууга тийиш;";
2) 37-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "1-майынан" деген сөздөр "1-июнунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 38-статьянын 1-пунктунун 111-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"111) аудитордук уюмду жана аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн бекитүү;";
4) 42-статьянын 5-пунктунун үчүнчү абзацында "коомдун аудиторунун" деген сөздөр "аудитордук уюмдун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 54-статьяда:
а) 1-пункттун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аудитордук уюмду тандоо жана аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо. Акционерлердин жылдык чогулушунда аудитордук уюм бекитилбеген учурда, директорлор кеңеши аудитордук уюмду тандоо жана бекитүү боюнча чечим кабыл алууга жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну жокко чыгаруу үчүн аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө акынын өлчөмүн аныктоого укуктуу;";
б) 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аткаруу органынын, текшерүү комиссиясынын, эсептөө комиссиясынын, аудитордук уюмдун мүчөлөрү жана коомдун катчысы менен контракттарды түзүү;";
6) 57-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацында "коомдун аудиторунун" деген сөздөр "аудитордук уюмдун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 60-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "коомдун аудиторуна" деген сөздөр "аудитордук уюмга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 62-статьянын 5-пунктунда:
а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- директорлор кеңешинин же директорлор кеңеши жок болгон учурда аткаруу органынын макулдугу боюнча компаниянын каражаттарынын эсебинен көз карандысыз эксперттерди жана аудитордук уюмду тартууга;";
б) алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
в) жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аудитордук уюмга суроо-талаптарды жөнөтүүгө жана аудитордук корутундуга же отчетко карата аудитордук уюмдун түшүндүрмөлөрүн алууга.";
9) 63-статьяда:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аудитордук уюм аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде коомдун финансылык отчетторунун Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин аныктоо максатында көз карандысыз текшерүүнү жүзөгө ашырат.";
б) экинчи бөлүктө "көз карандысыз аудиторду" деген сөздөр "көз карандысыз аудитордук уюмду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аудитордук уюм коомдун директорлор кеңеши тарабынан тандалат жана коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун чечими менен бекитилет. Эгерде акционерлердин жалпы чогулушунда аудитордук уюм бекитилбесе, анда директорлор кеңеши кайрадан тандоо жүргүзөт жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырбастан аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө акынын өлчөмүн аныктоо менен аудитордук уюмду бекитет.";
г) алтынчы бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Акционер (акционерлер) финансылык отчеттуулуктун тууралыгын текшерүү жана тастыктоо үчүн башка көз карандысыз аудитордук уюмду тартууга укуктуу. Бул учурда аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө аудит жүргүзүүнү демилгелеген адамдын эсебинен жүзөгө ашырылат.";
10) 64-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "64-статья. Коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) жана аудитордук уюмдун корутундулары";
б) биринчи бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аудитордук уюм тарабынан.";
11) 65-статьянын 1-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 76-статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацында "жана коомдун аудиторуна" деген сөздөр алып салынсын;
13) 77-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- финансылык отчеттуулуктун аудитине катышпаган эксперттин же аудитордук уюмдун ушул бүтүм боюнча отчету болсо.";
14) 82-статьянын 1-пунктунун онунчу абзацында "коомдун аудиторунун" деген сөздөр "аудитордук уюмдун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 20.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029287/st-3" title="3-берене - Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>