# 2-берене

- Документ: [Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 "Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029287/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5570/edition/34503/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029287/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029287/st-2

---

"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 22 - 24-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22. Чакан ишкердиктин субъекттери бухгалтердик эсептин отчеттуулугун жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жөнөкөйлөштүрүлгөн эрежелерге ылайык жүзөгө ашырат. Чакан ишкердиктин субъекттери эсепке алуу саясатын бекиткен алардын жетекчи органдарынын чечими боюнча ЧОИ үчүн ФОЭСке ылайык финансылык отчеттуулукту ыктыярдуу негизде түзүүгө укуктуу. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн чакан ишкердиктин субъектиси деп продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, пайыздык кирешелерден календардык жылда түшкөн каражаттары, ошондой эле субъекттин негизги ишине тиешелүү башка түшкөн каражаттары 30 миллион сомду түзгөн субъект түшүнүлөт. Эгерде календардык жылда түшкөн каражаттары 30 миллион сомдон ашса, субъект чакан ишкердиктин субъектиси категориясына кирбей калат.

23. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн орто ишкердиктин субъектиси деп продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, пайыздык кирешелерден календардык жылда түшкөн каражаттары, ошондой эле субъекттин негизги ишине тиешелүү башка түшкөн каражаттары 30 миллион сомдон 1 миллиард сомго чейинкини түзгөн субъект түшүнүлөт.

Эгерде календардык жылда түшкөн каражаттары 30 миллион сомдон ашпаса, субъект орто ишкердиктин субъектиси категориясына кирбей калат. Эгерде календарлык жылда түшкөн каражаттары 1 миллиард сомдон ашса, субъект орто ишкердиктин субъектиси категориясына кирбей калат.

24. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн ири ишкердиктин субъектиси деп продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, пайыздык кирешелерден календардык жылда түшкөн каражаттары, ошондой эле субъекттин негизги ишине тиешелүү болгон башка түшкөн каражаттары 1 миллиард сомдон жогору болгон субъект түшүнүлөт.

Эгерде календардык жылда түшкөн каражаттары 1 миллиард сомдон ашпаса, субъект ири ишкердиктин субъектиси категориясына кирбей калат.";

2) 4-берененин 1-бөлүгүндө, 5-берененин 2-бөлүгүндө, 6-берененин 1-бөлүгүндө, 7-берененин 5-бөлүгүндө жана 17-берененин 4-бөлүгүндө түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287/st-3)
