# Бишкек шаарынын 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 116 "Фонтан комплексин жанаша жайгашкан жер участогу менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаарынын 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 116 "Фонтан комплексин жанаша жайгашкан жер участогу менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43019/edition/34359/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаарынын 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 116 "Фонтан комплексин жанаша жайгашкан жер участогу менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029188

---

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 24-апрели № 116

Фонтан комплексин жанаша жайгашкан жер участогу менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна ылайык, токтом кылам:

1. Бишкек шаары, Чүй проспекти, 205 дарегинде жайгашкан мамлекеттик менчикте турган фонтан комплексин жалпы аянты 0,733 га жанаша жайгашкан жер участогу менен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти белгиленген тартипте:

- муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мэр

А.Дж. Джунушалиев
