Бишкек шаардык мэриясынын «Батыш автобекетинин мүлктүк комплексин тийиштүү жер участоктору менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-апрели № 117
Батыш автобекетинин мүлктүк комплексин тийиштүү жер участоктору менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Транспорттук инфратүзүм объектин муниципалдык менчикке кабыл алуу аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 726-т тескемесине ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаары, Чымкент көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан мамлекеттик менчикте турган Батыш автобекетинин мүлктүк комплексин идентификациялык коддору: 1-02-06-0014-0535, 1-02-06-0014-0536, 1-02-06-0014-0480 болгон тийиштүү жер участоктору менен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти белгиленген тартипте:
– муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
– ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4..Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
5..Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мэр
А.Дж. Джунушалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 726-т (Эл аралык жана шаар аралык каттамдын маршруттарынын жүргүнчүлөрүн үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз…Распоряжение · 13.11.2024 · № 726-р
- Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 "Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем…Постановление · 27.03.2025 · № 18