# Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 118 "Бишкек шаары, Товарная көчөсү, 1 жана 3 дареги боюнча жайгашкан турак эмес жайды жанаша жер участоктору менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 118 "Бишкек шаары, Товарная көчөсү, 1 жана 3 дареги боюнча жайгашкан турак эмес жайды жанаша жер участоктору менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43015/edition/34355/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 118 "Бишкек шаары, Товарная көчөсү, 1 жана 3 дареги боюнча жайгашкан турак эмес жайды жанаша жер участоктору менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029181

---

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 24-апрели № 118

Бишкек шаары, Товарная көчөсү, 1 жана 3 дареги боюнча жайгашкан турак эмес жайды жанаша жер участоктору менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Бишкек шаарынын аймагында санитардык тазалоону, тазалыкты жана тартипти сактоону контролдоо боюнча иш-чараларды уюштуруунун сапатын жогорулатуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна ылайык, токтом кылам:

1. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк базасын уюштуруу үчүн Бишкек шаары, Товарная көчөсү, 1 жана 3 дареги боюнча жайгашкан идентификациялык коддору: 1-01-04-0024-0348 жана 1-01-04-0024-0392 турак эмес жайды жанаша жер участоктору менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментибелгиленген тартипте:

- муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мэр

А.Дж. Джунушалиев
