# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 379 "1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (КЖЭЖТ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 379 "1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (КЖЭЖТ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 379
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42986/edition/34315/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 379 "1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (КЖЭЖТ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" токтому (30.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029141

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 30-июну № 379

1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (КЖЭЖТ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (КЖЭЖТ) кошулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (КЖЭЖТ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу нотаны депозитарий болуп саналган БУУнун Башкы катчысына депонирлесин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 49 (3705) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
