Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (КЖЭЖТ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-июну № 379
1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (КЖЭЖТ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (КЖЭЖТ) кошулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (КЖЭЖТ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу нотаны депозитарий болуп саналган БУУнун Башкы катчысына депонирлесин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 49 (3705) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 222 «1957-жылдын 30-сентябрындагы Женевада түзүлгөн Кооптуу жүктөрдү эл аралык жол…Приказ · 07.07.2026 · № 222
- Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө Макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү…Программа · 07.07.2026 · № 222
- Кооптуу жүктөрдү эл аралык автоунаа менен ташуу жөнүндө келишимге ылайык кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик…Программа · 07.07.2026 · № 222
- Эл аралык автомобиль ташуулар жаатында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттарды кесиптик кайра даярдоонун типтик кошумча кесиптик…Программа · 07.07.2026 · № 222
- Эл аралык автомобиль ташуулар жаатында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттардын квалификациясын жогорулатуу үчүн типтүү кошумча…Программа · 07.07.2026 · № 222
- Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө Макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү…Программа · 07.07.2026 · № 222
- Кооптуу жүктөрдү эл аралык автомобиль менен ташуу жөнүндө Макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү…Программа · 07.07.2026 · № 222
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64