# Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 27/VI "Алтын Балаты бала бакчасында тамактануу үчүн ата-энелердин төлөмүн жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 27/VI "Алтын Балаты бала бакчасында тамактануу үчүн ата-энелердин төлөмүн жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/VI
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42983/edition/34312/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 27/VI "Алтын Балаты бала бакчасында тамактануу үчүн ата-энелердин төлөмүн жогорулатуу жөнүндө" токтому (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029140

---

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 27/VI "Алтын Балаты бала бакчасында тамактануу үчүн ата-энелердин төлөмүн жогорулатуу жөнүндө" “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, 28-беренесинин 6-пунктунун негизинде, ошондой эле ата-энелер чогулушунун протоколунун жана директору Д.Н. Калчаеванын, 2025-жылдын 1-май айынан тартып бала бакчадагы тамак-аш акысын ата-энелерден күнүнө 100 сомго чейин көтөрүү өтүнүчү менен жазган катын карап, талкуулап жана пикир алмашып, Жайылма айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтү тарабынан мыйзамдын негизинде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тамактанууга кошумча каржылоо токтотулгандыгына байланыштуу, бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, ата-энелердин төлөмү күнүнө 100 сомго көбөйтүлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Алтын Балалык” бала бакчасынын директору Д.Н. Калчаевага жүктөлсүн.

Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы

К.М. Жонгучкаев
