Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
502-берене. Инвестициялык кеңеш берүү менен байланышкан баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй ишти жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы · 7-глава
1. Инвестициялык кеңеш берүү боюнча иш деп жекече инвестициялык сунуштамаларды берүү жолу менен туунду баалуу кагаздар болуп саналган баалуу кагаздарга, алар менен болгон бүтүмдөргө жана/же келишимдерди түзүүгө кеңеш берүү кызматтарды көрсөтүү таанылат.
Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине киргизилген, инвестициялык активдер ишенилген башкаруу боюнча жана/же баалуу кагаздар рыногундагы брокердик жана/же дилердик ишти жүзөгө ашырган (инвестициялык кеңеш берүүчүлөр) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары инвестициялык кеңеш берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
2. Инвестициялык кеңеш берүү инвестициялык кеңеш берүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Инвестициялык сунуштаманы берүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген квалификациялык талаптарга ылайык келген инвестициялык кеңеш берүүчүнүн кызматкери гана укуктуу.
4. Инвестициялык кеңеш берүү боюнча кызматтарын көрсөтүүдө инвестициялык кеңеш берүүчү жана анын кызматкерлери талаптагыдай кылдаттык менен жана ак ниеттүүлүктө кардардын кызыкчылыгы үчүн гана аракеттерди жасоого милдеттүү.
Кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан жана/же болгон учурда инвестициялык кеңеш берүүчү жана анын кызматкерлери кардардын кызыкчылыктарынын артыкчылыгынын негизинде аракеттерди жасоого милдеттүү.
5. Инвестициялык кеңеш берүүчү төмөнкүлөрдүн кесепетинен кардар тарткан чыгымдар үчүн жооп берет:
- инвестициялык кеңештерди берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө коюлуучу талаптардын бузулушунан;
- адаштыруучу же атайылап жалган маалыматтарды берүүдөн;
- эгерде кардар ушул сунуштаманы алууда кызыкчылыктардын кагылышууларынын келип чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жана фактылары жөнүндө талаптагыдай кабардар кылынбаган учурда кызыкчылыктардын кагылыштары бар баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү жасоого инвестициялык сунуштаманы берүүдөн.
6. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрин жүргүзүүнүн тартибине ылайык аталган реестрде камтылган маалыматтарды кызыкдар болгон жактарга берет.
Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине киргизүү үчүн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары инвестициялык кеңеш берүүчүлөргө карата ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө тийиш. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен белгиленген арыздын жана документтердин негизинде инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине жак жөнүңдө маалыматтарды киргизүү же аларды көрсөтүлгөн Реестрге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Аталган чечимди кабыл алуунун тартиби, мөөнөтү жана инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине жак жөнүндө маалыматтарды киргизүү тууралуу арыздын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген негиздер боюнча инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине жак жөнүндө маалыматтарды киргизүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
7. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инвестициялык кеңеш берүүчү жөнүндө маалыматтарды инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринен алып салуу тууралуу чечимдин кабыл алышына төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) инвестициялык кеңеш берүүчүнүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген арызы;
2) инвестициялык кеңеш берүүчү инвестициялык кеңеш берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын талаптарын бир нече жолу бузса;
3) инвестициялык кеңеш берүүчү баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылса.";
36) 52-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Инвестициялык фонддун иши баалуу кагаздар рыногундагы кесиптик иштердин башка түрлөрү менен айкалыштырылышы мүмкүн эмес.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- депозитардык иш жана баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча иш.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагында катталган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы иши ушул Мыйзамдын талаптарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын талаптарына ылайык жөнгө салынууга тийиш.".
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029127/st-502" title="502-берене - Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>