# 261-статья. Акционердин милдеттери

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 "Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029127/st-261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029127/edition/34287/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 261-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029127/st-261

---

Акционер өзүнүн жеке маалыматтары өзгөргөн күндөн тартып бир жылдын ичинде акционердик коомго жана (же) акционерлердин реестрин кармоочуга дареги, байланыш маалыматтары жана акционер менен байланышуу жана аны идентификациялоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар өзгөргөндүгү жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Кабарлама жазуу жүзүндө же коомдун уставында же реестрди кармоочу менен түзүлгөн келишиминде каралган башка жол менен жиберилүүгө тийиш. Бул милдет аткарылбаган учурда акционердик коом жана (же) акционерлердин реестрин кармоочу акционерге анын коомго катышуусуна байланыштуу маалыматтарды бербегендиги үчүн жоопкерчилик тартпайт, ошондой эле дивиденддерди төлөөнү жана акционердин башка укуктарын ишке ашырууну актуалдуу маалыматтар алынган күнгө чейин токтотуп турууга укуктуу.";

2) 27-статьяда:

а) 1-пункт:

- "облигацияларды" деген сөздөн кийин ", эл аралык облигацияларды" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Кредиттерди жана зайымдарды тындыруу үчүн, ошондой эле акыркы жылдын ичинде кредиттер жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздары бар болгондо облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин облигацияларды чыгарууга жол берилбейт.";

б) 2-пункт "Облигацияларды" деген сөздөн кийин ", эл аралык облигацияларды" деген сөздөр менен толукталсын;

в) 3-пунктта:

- мамлекеттик тилдеги экинчи-төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Коом облигацияларды тындыруунун бир жолку мөөнөтү менен же белгилүү мөөнөттө сериялар боюнча тындыруу мөөнөтү менен облигацияларды чыгара алат. Облигацияларды тындыруу аларды чыгаруу жөнүндө чечимге ылайык акчалай түрүндө же дагы башка мүлк менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Коом тарабынан облигацияларды чыгаруу өздүк капиталдын көлөмүнөн ашпаган суммага гана жол берилет.";

- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"Облигацияларды чыгарууну жүзөгө ашыруучу эмитенттердин өздүк капиталына карата ченемдик талаптар, буга кошуп өздүк каражаттардын жетиштүүлүк коэффициенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";

3) 28-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Коомдун акцияларын жана башка баалуу кагаздарын векселдер, ошондой эле террористтик жана экстремисттик иштерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги) турган жеке жана юридикалык жактарга таандык акчалар, баалуу кагаздар, башка буюмдар же мүлктүк укуктар, же болбосо акчалай баасы бар башка укуктар менен төлөөгө тыюу салынат.";

4) 31-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Дивиденддерди таза пайданын 25 пайызынан ашык өлчөмүндө төлөө жана аны төлөөнүн мүмкүн болгон формасы жөнүндө чечим акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынат.";

5) 36-статьяда:

а) 1-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) ички аудит кызматы (ички аудитор) - контролдоочу орган.";

6) 2-пункттун экинчи абзацында "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 38-статьяда:

а) 1-пунктта:

- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:

"11) эгерде бул кодексти кабыл алуу коомдун уставында каралса, корпоративдик башкаруу кодексин бекитүү, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;";

- 10-пунктча "облигацияларды" деген сөздөн кийин ", эл аралык облигацияларды" деген сөздөр менен толукталсын;

- 11-пунктчада "текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн (текшерүүчүсүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын мүчөлөрүн (ички аудиторун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12) дивиденддерди таза пайданын 25 пайызынан ашык өлчөмүндө төлөө жана дивиденддерди төлөө тартиби жөнүндө чечимди кабыл алуу;";

- 20-пунктчада "текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө (текшерүүчүлөргө)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын мүчөлөрүнө (ички аудиторго)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-пунктта "1-23" деген цифралар "1-22" деген цифраларга алмаштырылсын;

в) 3-пункттун үчүнчү абзацында "текшерүү комиссиясын" деген сөздөр "ички аудит кызматын (ички аудиторду)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 41-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Эгерде ал глобалдык депозитардык тил каттардын эмитенти болуп саналса жана депозитардык тил каттардын акыркы ээлеринин маалыматтарына ээ болбосо, ушул талап акциялардын номиналдык кармоочуларына жайылтылбайт. Ушуну менен бирге мындай номиналдык кармоочу баалуу кагаздар боюнча укуктарды жүзөгө ашыруу менен байланышкан иш-аракеттерди (анын ичинде жалпы чогулушка катышуу укугун) ишеним катсыз эле, ал кызыкчылыгын коргоп акцияларына ээ болгон жактардан алган көрсөтмөлөргө (нускамаларга) ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу.";

8) 42-статьянын 5-пунктунда:

а) үчүнчү абзацта "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) бешинчи абзацта "текшерүү комиссиясына (текшерүүчүсүнө)" деген сөздөр "ички аудит кызматына (ички аудиторуна)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) 45-статьянын 1-пунктунун бешинчи абзацында "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 46-статьянын 2-пунктунда "текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү (текшерүүчү)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын мүчөлөрү (ички аудитор)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11) 49-статьянын 3-пунктунда:

а) алтынчы абзацта "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Добуш берүү үчүн бюллетендин формасы добуш берүүгө коюлган ар бир маселе боюнча болгон добуштардын ар кандай саны менен өз-өзүнчө добуш берүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн.";

12) 54-статьяда:

а) 1-пунктта:

- он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун тандоо жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо;";

- он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- коом тарабынан мындай баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата чыгаруунун номиналдык наркы коомдун активдеринин баланстык наркынын 50 пайызына чейинкисин түзгөн акцияларга конвертацияланбаган облигацияларды, эл аралык облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу.";

б) 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- аткаруу органынын, ички аудит кызматынын (ички аудитордун), эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү, коомдун катчысы жана аудитору менен контракттарды түзүү;";

13) 55-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Директорлор кеңешинин мүчөсү коомдун акционери боло албайт. Коомдун директорлор кеңешинин курамына шайлануучу адамдарга коюлуучу талаптар коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилген ички документ менен белгилениши мүмкүн. Аларга ошондой эле иш тажрыйбасына, ишкердик аброюна, кызыкчылыктардын тикелей же потенциалдуу кагылышуусунун жоктугуна карата талаптар киргизилиши мүмкүн.";

14) 57-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацында "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

15) 58-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "бир жылдан" деген сөздөр "үч жылдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

16) 60-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө (текшерүүчүгө)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын мүчөлөрүнө (ички аудиторуна)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

17) 62-статьяда:

а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "62-статья. Коомдун ички аудит кызматы (ички аудитору)";

б) 1-пунктта:

- "текшерүү комиссиясы (текшерүүчүсү)", "текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү (текшерүүчүсү)", "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "ички аудит кызматы (ички аудитору)", "ички аудит кызматынын мүчөлөрү (ички аудитору)", "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Ички аудит кызматынын мүчөлөрүнө (ички аудиторго) карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн.";

в) 2-пунктта "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 3-пунктта:

- биринчи абзацта "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи абзацта "Текшерүү комиссиясы" деген сөздөр "Ички аудит кызматы (ички аудитор)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацта "Текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "Ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

д) 4-пунктта "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

е) 5-пунктта "текшерүү комиссиясы (текшерүүчүсү)", "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "ички аудит кызматы (ички аудитор)", "ички аудит кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

ж) 6-пунктта:

- биринчи абзацта "текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү (текшерүүчү)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын мүчөлөрү (ички аудитор)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи абзацта "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

з) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Ички аудит кызматынын жыйналыштары кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Ички аудит кызматынын жыйналыштарын чакыруунун жана өткөрүүнүн тартиби коомдун ички документтери менен белгиленет.";

18) 63-статьянын бешинчи бөлүгүндө "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

19) 64-статьяда:

а) аталышында "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) биринчи бөлүктүн экинчи абзацында "текшерүү комиссиясы (текшерүүчүсү)" деген сөздөр "ички аудит кызматы (ички аудитору)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

20) 65-статьянын 1 жана 3-пункттарында "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

21) 69-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Эгерде ачык компаниянын акциялары же мындай акцияларга болгон укукту ырастоочу глобалдык депозитардык тил каттар уюштурулган тооруктарда кеминде алты ай бою жүгүртүлсө, мындай акцияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды сатып алуу баасы бул баалуу кагаздарды баалоону жана сатып алууну талап кылуу укугунун келип чыгуусуна алып келген, акционерлердин жалпы чогулушу чечим кабыл алган датадан мурунку алты ай ичинде уюштурулган тооруктардын жыйынтыгы боюнча аныкталган алардын орточо алынган баасынан төмөн болушу мүмкүн эмес. Бул учурда көз карандысыз баалоочуну тартуу талап кылынбайт. Эгерде мындай акциялар уюштурулган тооруктарда жүгүртүлбөгөндүгүнө байланыштуу акциялардын орточо алынган баасын аныктоо мүмкүн болбосо, бааны аныктоо үчүн көз карандысыз баалоочу тартылат. Ушул статьяда каралган учурларда, банк-депозитарий тарабынан коомдун акцияларына укуктарды ырастоочу глобалдык депозитардык тил каттарды сатып алууда, коомдо акцияларды сатып алуу боюнча кошумча милдеттер пайда болбойт, аларга болгон укуктар алар сатып алган глобалдык депозитардык тил каттар менен күбөлөндүрүлөт.";

22) VII глава төмөнкүдөй мазмундагы 711-берене менен толукталсын:

"711-берене. Активдүү эмес жана идентификацияланбаган акционерлердин акцияларын соттун чечими боюнча сатып алуунун тартиби

1. Акционердик коомдун акцияларынын 80 пайызынан ашыгына ээ болгон акционер акыркы он жыл катары менен жалпы жылдык чогулуштарга катышпаган жана аларды идентификациялоо жана байланыштыруу үчүн зарыл болгон актуалдуу маалыматтарды бербеген акционерлердин акцияларын сатып алуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

2. Сот келтирилген далилдерди карап чыгып, төмөнкү талаптар сакталган шартта көрсөтүлгөн акцияларды мажбурлап сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:

- көз карандысыз баалоочуну тартуу менен сатып алынууга тийиш болгон акциялардын рыноктук наркына көз карандысыз баа берүүнү жүргүзүү;

- сотко арыз берилгенге чейин эки айдан кечиктирбестен расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жана акционердик коомдун сайтында сатып алуу ниети жөнүндө ачык билдирүүнү жайгаштыруу.

3. Акцияларды сатып алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин акционердик коом календардык жыл ичинде:

- акционердин атына ачылган Улуттук депозитарийдин депо-эсебине же эгерде атын көрсөтүү мүмкүн болбосо, акциялардын реквизиттерин көрсөтүү менен шарттуу эсепке сатып алынуучу акциялардын рыноктук наркына барабар сумманы которот;

- 80 пайыздан ашыгына ээлик кылган акционерге карата сатып алынган акцияларга менчик укугунун өтүшүн чагылдырган акционерлердин реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

4. Ушул статьяга ылайык акциялары сатылып алынган акционер, сатып алынган күндөн тартып он жылдын ичинде каалаган убакта акционерлердин реестрин кармоочуга жана улуттук депозитарийге өзүнө тиешелүү акча каражаттарынын суммасын алуу үчүн кайрылууга укуктуу.

5. Эгерде акционер же анын укук мураскорлору сатып алган күндөн тартып он жыл өткөндөн кийин компенсация алуу үчүн кайрылбаса, депонирленген каражаттар ээси жок деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттин кирешесине айландырылат.

6. Акцияларды сатып алуу, каражаттарды депонирлөө жана Улуттук депозитарий менен өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

23) 76-статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацында "текшерүү комиссиясына (текшерүүчүсүнө)" деген сөздөр "ички аудит кызматына (ички аудиторуна)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

24) 82-статьянын 1-пунктунда "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127/st-3)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127/st-4)
