2-берене
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-статьянын 4-пунктунда "текшерүү комиссиясын түзүүгө" деген сөздөр "ички аудит кызматын түзүүгө (ички аудитти дайындоого)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 39-статьяда:
а) 1-пунктта:
- онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"г) ички аудит кызматы (ички аудитор);";
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Облигацияларды чыгарууну жүзөгө ашыруучу эмитенттердин өздүк капиталына карата ченемдик талаптар, буга кошуп өздүк каражаттардын жетиштүүлүк коэффициенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4. Коомдун баалуу кагаздарын векселдер, ошондой эле террористтик жана экстремисттик иштерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги) турган жеке жана юридикалык жактарга таандык болгон акчалар, баалуу кагаздар, башка буюмдар же мүлктүк укуктар, же болбосо акчалай баасы бар башка укуктар менен төлөөгө тыюу салынат.
5. Коом өзүнүн уставына ылайык эл аралык облигацияларды чыгарууга укуктуу. Мында ушул статьянын 1-4-пункттарында каралган талаптар эл аралык облигацияларды чыгарууга карата колдонулбайт.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 391-статья менен толукталсын:
"391-статья. Кошумча жоопкерчилиги бар коом тарабынан облигацияларды жана камсыз кылынган облигацияларды чыгаруу Ушул Мыйзамдын 39-статьясында белгиленген талаптар кошумча жоопкерчилиги бар коомго карата да колдонулат.";
4) 40-статьяда:
а) 3-пункттун экинчи абзацында "текшерүү комиссиясынын (текшерүүчү) мүчөсү" деген сөздөр "ички аудит кызматынын мүчөсү (ички аудитор)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-пункттун 5-пунктчасында "текшерүү комиссиясын (текшерүүчүнү)" деген сөздөр "ички аудит кызматын (ички аудиторду)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 41-статьяда:
а) 1-пунктта "текшерүү комиссиясын түзүүгө" деген сөздөр "ички аудит кызматын түзүүгө (ички аудиторду дайындоого)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 2-пунктта:
- биринчи абзацта "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-пунктта "Текшерүү комиссиясы" деген сөздөр "Ички аудит кызматы (ички аудитор)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 5-пунктта "текшерүү комиссиясы", "текшерүү комиссиясынын" деген сөздөр тийиштүүлүгүнө карай "ички аудит кызматы (ички аудитор)", "ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029127/st-2" title="2-берене - Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>